Adam.Tech Кыргызстанда иштелип чыккан Kandai жана Kurultai байланыш сервистерин ишке киргизди

Кыргызстандын Adam.Tech IT-компаниясы жеке жана ишкердик баарлашуу үчүн Kandai мессенджерин жана ишкердик видеожолугушуулар менен аралыктан окууга арналган Kurultai сервисин ишке киргизди.

Kandai тиркемесинде жеке жана топтук чаттар, үн жана видео чалуулар, сүрөттөрдү, видеолорду жана документтерди жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Билдирүүлөрдү кыргыз тилине жана кыргыз тилинен которууга, жеке AI-жардамчыны туташтырууга жана күнүмдүк иштер үчүн даярдалган топторду колдонууга болот. Компьютерден баарлашуу үчүн браузерде иштеген Web Kandai жана Windows тиркемеси бар.

Kandai жана Kurultai сервистеринин серверлери Кыргызстанда жайгашкан. Сервистерди жергиликтүү команда өнүктүрөт. «Ашар» бөлүмүндө колдонуучулар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, көйгөйлөр жөнүндө билдирип, башка колдонуучулардын идеяларын колдой алышат.

Kandai жана Kurultai бардык каалоочулар үчүн акысыз.

Kandai: https://kandai.app/
Web Kandai: https://web.kandai.app/
Windows: https://kandai.app/desktop/Kandai-setup.exe
Kurultai: https://kurultai.kg/

Маек жана кошумча материалдар үчүн: office@adamtech.dev, +996 506 247 365.
